• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Таласта аз камсыз болгон 227 үй-бүлөгө жардам көрсөтүлдү

Аймак 0

Бишкек, 29.03.20. /Кабар/. Талас облусунда бир катар уюмдар жана жеке ишкерлер 227 аз камсыз болгон үй-бүлөгө 1 кап ундан жана 25 кг күрүч таратышты. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

"Мындан тышкары, кызмат өтөп жаткан адистерге 47 миң 200 беткап, 497 бир ирет колдонулуучу комбинезон, 40 көп жолу колдонулуучу комбинезон, 280 жуп кол кап, 850 литр антисептик жана 100 жуп резина өтүк берилген", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий