• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Таласта кекиликке аңчылык кылган жаран кармалды

Аймак 0

Бишкек, 09.12.19. /Кабар/. Талас облусунун Үрмарал өрөөнүндө Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын кызматкерлери тарабынан кекиликке аңчылык кылган жаран кармалды.

Мамэкотехинспекциядан билдиришкендей, кармалган жаран Миң-Булак айылынын М.Т. аттуу тургуну болгон. Анын жанында ал атып алган 4 кекилик табылган.

Жыйынтыгында мыйзам бузган аңчыга Бузуулар кодексинин 192-беренеси боюнча протокол түзүлүп, 12,5 миң сом айыппул салынган.

Пикир

Оставить комментарий