• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Тармактык комитетте электр энергиясын өндүрүүнүн атаандаш булактарын өнүктүрүүгө багытталган мыйзамды долбоору 1-окууда каралды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 15-май /Кабар/. Бүгүн, 15-майда Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин кезектеги жыйыны болду. Жыйында «Энергиянын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору 1-окууда каралды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Демилгечилердин бири депутат Экмат Байбакпаевдин айтымында, азыркы учурда Кыргызстанда электр энергиясынын тартыштыгы 1-1, млрд. кВт/саатты түзөт. Ал мындай жагдай электр энергиясын пайдалануучулардын санынын арбышынан, Кыргызстан мурда электр энергиясын экспорттоочу өлкө болсо, акыркы жылдары коӊшулардан импорттой баштагандан улам болгонун билдирди.

Депутат Экмат Байбакбаев чакан гидроэнергетиканы инвестициялоо үчүн жагымдуу шарттарды жаратуу максатындагы заманбап нормативдик-укуктук базаларды түзүү зарылдыгына токтолду. Анын маалыматы боюнча айрыкча, энергиянын кайра жаралуучу булактары (ЭКБ) тармагында, анын ичинде чакан гидроэнергетика жаатында бир катар көйгөйлөр бар. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү боюнча атайын мамлекеттик түзүм, ЭКБ иштеп чыккан жана пайдаланган электр энергиясын бөлүштүрүүчү ишканалардын чыгымдарын жабуу боюнча каржы механизми, ошондой эле энергиянын кайра жаралуучу объектилери курула турган жерлерди сапаттуу иликтөө боюнча бирдиктүү мамиле жана күч аракеттер жок.

Мындан улам демилгечи курамында тиешелүү адистер кирген жумушчу топ тарабынан сунушталган мыйзам долбоору иштелип чыккандыгын белгиледи. Аталган көйгөйлөрдү чечүүгө багытталып даярдалган мыйзам долбоорунун алкагында чакан гидроэнергетиканы инвестициялоо үчүн жагымдуу шарттарды жаратуу максатындагы заманбап нормативдик-укуктук база түзүлөрүн айткан депутат: "Эгер мыйзам кабыл алынып калса, ЭКБны пайдалануу боюнча долбоорду даярдоодо уруксат жол-жоболоруна алектенүүгө инвестордун убактысы жана акча чыгымы кыскарат, инвесторлор менен иштөөдө “Бирдей терезе” принциби киргизилет, коррупциялык тобокелдиктер азаят, анткени уруксат жол-жоболордун жөнөкөй жана түшүнүктүү эрежеси сунушталат, ЭКБ долбооруна бөлүнгөн жерлерди максаттуу пайдалануу үчүн мониторинг жана контроль жакшырат жана башкысы климаттын жакшырышы күтүлөт", - деди.

Комитет жыйынынын талкуусунда депутаттар мыйзам долбоору боюнча КР Өкмөтүнүн корутундусу зарылдыгын белгилешти. Депутат Дастан Жумабеков электр энергиясын өндүрүүнүн атаандаш обьектилерин өзгөчө корголуучу аймактардан башка жерлерге куруу керек деген пикирин айтты. Аларды курууга зарыл жабдууларды чет өлкөлөрдөн алып келүүдө ЕАЭБдин алкагында бажы алымдарынан бошотуу жагында маселе жараларын депутат Мирлан Бакиров эскертти. “Кыргызстан суу башында турган өлкө. Бирок көптөгөн дарыялар эч колдонулбай эле коңшу өлкөлөргө агып кирип кетүүдө. Андыктан, электр энергиясын өндүрүүнүн атаандаш обьектилерин курууга багытталган мыйзам долбоорунун концепциясын колдоого чакырам”.- дейт депутат Рада Туманбаева.

Мындан сырткары, талкууда ЭКБ аркылуу өндүрүлгөн электр кубатынын сыртка экспорттолушу, энергия өндүрүүнүн альтернативдүү булактарын куруу шарттарына КР Өкмөтүнүн мүмкүнчүлүктөрү жана башка жагдайлар боюнча суроолор берилип, жооптор айтылды.

Жыйынтыгында аталган комитет мүчөлөрү мыйзам долбооруна карата айтылган сунуш-пикирлерди эске алуу жана Жогорку Кеңештин кароосуна чейин КР Өкмөтүнүн корутундусун алып келүүнү тапшыруу менен мыйзам долбоорунун концепциясын жактыруу чечимин кабыл алышты.

Белгилей кетсек, мыйзам долбоорунун демилгечилери - Жогорку Кеңешинин депутаттары Э. Байбакпаев, А. Турсунбаев, И. Пирматов, А.Маматов, Ж. Калмаматов, Ж. Турускулов, А. Султанов, П. Тулендыбаев, Г. Асылбаева, М. Жеенчороев, К. Рыспаев, А. Жутанов, М. Исаков, И. Чудинов, Н. Нишанов, У. Кыдыралиев, А. Кулбараков, Д. Исаева, Д. Бекешев, И. Сарсейитов, Б. Ибраимжанов.

Пикир

Оставить комментарий