• 88.68
  • 95
  • 0.95

Тарых музейинде эки жасалма картина аныкталган

Коом 0

Бишкек, 27.12.19. /Кабар/. Эксперт жана реставраторлордон турган комиссия Мамлекеттик тарых музейинде 2 жасалма сүрөттү аныктады. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов билдирди.

Анын айтымында, музейдеги картиналардын 70%ы текшерилген. Комиссиянын баамында эки сүрөт түп нуска эмес болууда.

"Эки сүрөт бүлүнгөн.Тергөө түп нускасын аныктоо боюнча иштөөдө. Ал эми, мурдагы директор сүрөттөр жасалма эмес экенин айтып жатат. Бул ишти билген эксперт жана реставраторлордон турган комиссия, сүрөттөр түп нуска эмес деп айтууда. Бул иш жалпы каралат", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий