• 88.68
  • 95
  • 0.95

Таш-Көмүр шаарынын тургундары Сооронбай Жээнбековду колдойт

Шайлоо 2017 0

Бишкек, 13.09.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенттигине талапкер Сооронбай Жээнбеков бул шайлоого эмне максат менен катышып жаткандыгын Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарынын тургундары менен жолугушуу учурунда айтты. Жолугушуу учурунда.

«Мен үчүн байлык менен бийлик – башкы нерсе эмес. Бийлик – эл менен өлкөнүн кызыкчылыгына кызмат кылуу деп түшүнөм. Мен - телегейим тегиз адаммын. Баары жетиштүү, жашоомдо көп ийгиликтерге жетише алдым. Шайлоого барбай эле тынч отурсам деле болмок. Бирок, мамлекетибиздин эртеңине кайдыгер карай албадым. Буга чейинки ийгиликтерди сактап калуу, өлкөнүн артка кетишине жол бербөө үчүн президенттик жарышка чыктым”, - деп билдирди Сооронбай Жээнбеков.

Ал өлкөдө бычакка сап болчу, өлкөнү башкарчу инсандар арбын экендигин белгиледи. Бирок алардын кимисинин бул үчүн тажрыйбасы жетиштүү? Кимиси ыймандуу, таза иштей алат? Кимиси бул кызматка чейин узак жол басып, жетиштүү тажрыйба топтой алган? Маселе ушунда болуп турат.

“Менде мамлекеттик башкаруунун бардык тепкичтерин басып өткөн тажрыйба бар. Мен айылда мугалим, зоотехник, совхоз директору, кийинчерээк райондук деңгээлдеги бир топ кызматтарда иштедим. Жогорку Кеңештин үч чакырылышынын депутаты болдум. Айыл чарба минитстринин, губернатордун, премьер-министрдин кызматтарын аркаладым. Карапайым адамдардын көйгөйлөрүн жакшы билем. Премьер-министр болуп иштегеним жер-жерлердеги абалды мурдагыдан да тереңирээк билип, буга чейин көрбөгөн-укпаган маселелердин чоо-жайын түшүнгөнгө мүмкүнчүлүк берди. “Кызматка жеткениңди эмес, убагы келгенде кантип кетээриңди көбүрөөк ойло”, - деп атам көп айтаар эле. Кудайга шүгүр, мен жетектеген өкмөттүн иши жаман болгон жок. Эл алдында жүзүм жарык, башымды өйдө көтөрүп кызматтан кеттим”, - деп баса белгиледи талапкер.

  • Даярдоочу: КУМА “Кабар”
  • Дарек: Бишкек, Абдрахманов к. 175
  • КР Президенттигине талапкер С.Ш.Жээнбековдун Шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Сатыгул кызы Надира тарабынан буйрутма берилип, төлөндү.
  • Нускасы 1 экземпляр. Басылган датасы: 13.09.2017ж.

Пикир

Оставить комментарий