• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ташкентте ашпозчулар 8 тонна аш басып, дүйнөлүк рекорд коюуга белсеништи (Сүрөт)

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Ташкент, 08.09.17 /Толонбай Курбанов – Кабар/. Өзбек ашпозчулары Ташкентте дүйнөлүк рекорд коюу максатында 8 тонна аш басууга киришишти. “Кабар” агенттигини кабарчысы жеринен маалымат бергендей, аталган иш чара “O'zbegim” аталыштагы салттуу фестивалдын алкагында уюштурулууда.

Долбоордун автору белгилүү ашпозчу Бахриддин Шамсутдиновдун айтуусуна караганда, ашпозчулар аш жасоо боюнча дүйнөлүк рекорд коюуга белсенип турушат. Ошондуктан жараяндын жүрүшүнө Гиннес рекорддор китебинин өкүлдөрү көз салып турушат.

“Июлда Ташкент облусунун Алмалык шаарында 6 тонна палоо диаметри 4,2 метр болгон казанда 8 миң литр суу менен даярдалган болчу. Ошол кезде бул дүйнөлүк рекорд коюунун алдындагы машыгуу болчу”,-деди ашпозчу.

Аш басууда Өзбекстан боюнча 50 жакын ашпозчу катышууда. Аны даярдоо үчүн: 1500 кг – уй эти, 400 кг – кой эти, 220 кг – койдун майы, 1900 кг – күрүч, 2700 кг – сабиз, 220 кг –пияз, 440 литр – өсүмдүк майы жана 57 кг – туз керектелүүдө.

Пикир

Оставить комментарий