• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Көк бөрү: Ташкентте өтө турган Дүйнө чемпионатында тай казан колдонулат

Спорт 0

Бишкек, 10.01.19. /Кабар/. 2019-жылы Ташкентте өтө турган көк бөрү боюнча дүйнө биринчилигинде тай казандар колдонулат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигиндеги маалымат жыйынында айтылды.

Көк бөрү боюнча эл аралык федерациянын башкы катчысы Жыргалбек Саматовдун айтымында, Ташкентте Афганистан, Казакстан, Кыргызстан, Монголия, Түркия, АКШ, Өзбекстан, Тажикстан мамлекеттери катышкан конгресс болуп өткөн.

Кеңешмеде спорттун бул түрүн өнүктүрүү, оюнду кеңири аймакка жайылтуу маселелери, Федерациянын милдети жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын тарыхый мааниси талкууланган.

Жолугушуунун алкагында Ташкенттеги көк бөрү биринчилигин расмий эрежелер боюнча, башкача айтканда тай казан колдонуу менен өткөрүү чечими кабыл алынган.

Саматов белгилегендей, оюндун эрежелери 2001-жылы Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Кыргызстан тарабынан иштелип чыгып, бекитилген.

Белгилей кетсек, көк бөрүдө тай казанды же желим алкакты колдонуу боюнча талаш болуп келген. Тай казанга каршы болгондор ал оюнчу менен анын аргымагы үчүн кооптуу десе, тай казанды колдогондор ал жок болсо оюн кунарсыз болуп каларын айтып келишкен.

Пикир

Оставить комментарий