• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Тажикстанда быйыл Айт намазы жамаат менен окулбайт

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 19.05.20. /Кабар/. Тажикстанда быйыл айт намазы жылдагыдай жамаат менен окулбайт. Бул тууралуу 18-майда өлкөнүн Ислам борборунун уламалар кеңеши билдирди.

Өлкөнүн Дин иштери боюнча комитети мындай чечимдин кабыл алынышына коронавирус эпидемиясы себеп болгонун кабарлады.

18-апрелде тажик бийлиги коронавирус коркунучунан улам мечиттерде жамаат менен намаз окууга тыюу салган.

18-майга карата өлкөдө коронавирусту жугузуп алгандардын саны 1729 адамга жетти. Алардын ичинен 41 бейтап каза болду.

Пикир

Оставить комментарий