• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

«Тажикстандарт»: Сапатсыз товарлар Кытай менен Ирандан көп келет

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 14-июль /Кабар/. Тажикстанда 1000 тоннадан ашык сапатсыз товар жана мөөнөтү өтүп кеткен азыктар конфискацияланды. Бул тууралуу журналисттерге «Тажикстандарт» агенттигинин башчысы Ибодулло Курбониён билдирди.

Анын айтымында, өлкөгө сапатсыз товарларды жана мөөнөтү өтүп кеткен азыктарды жеткирген өлкөлөрдүн алдынкы сабында Кытай менен Иран турат. Талапка жооп бербеген товарлардын 282 тоннасы Ирандан алынып келинген. Алардын арасында томат пастасы жана таттуулардын түрлөрү менен курмалар бар.

Ибодулло Курбониён сапат стандарттарына Ирандын чайы да жооп бербей турганын белгиледи. Бирок Тажикстан калкынын арасында Иранда өндүрүлгөн курулуш материалдары менен кир жуучу каражаттар өзгөчө популярдуулукка ээ.

Жакында эле Тажикстандын Бажы кызматы Ирандан алынып келе жаткан жалпы суммасы 2 млн сомониге ($220 тыс.) бааланган 300 тонна товар конфискацияланганын кабарлаган. Өткөн жылы жазында товарларынын сапаты төмөн экендигине байланыштуу Иран продукцияларын өлкөгө киргизүүгө убактылуу тыюу салынган.

Тажикстан Дүйнөлүк соода уюмуна киргенден кийин өлкөгө товар киргизүүгө жана өндүрүүгө коюлган талаптар кыйла катаалдашкан.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий