• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Тажикстандын тышкы соодасынын 70 пайызы ШКУга мүчө өлкөлөр менен байланыштуу

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек. 24.05.19 /Кабар/. Тажикстандын экономикалык институттарынын берген маалыматына караганда, ушул жылдын январь-апрель айларындагы Тажикстандын тышкы соода алакалары Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттер менен байланыштуу болгон. Бул тууралуу Fars агенттиги маалымдады.

Бирок, ошол эле учурда Тажикстандын ШКУ мамлекеттери менен соода жүгүртүүсү төмөндөп жатат. ШКУга мүчө мамлекеттер менен соода алмашуусу январь-апрель айларында жакшы болгон эмес жана соода алмашуусунун жалпы көлөмүнүн 84,5 пайызы же 784,3 млн. доллары аталган уюмдун өлкөлөрүнөн Тажикстанга импорттолгон товарларга тиешелүү.

Ушул жылдын январь-апрель айларындагы Тажикстандын тышкы соодасы Орусия, Өзбекстан, Казакстан, Пакистан жана Индия менен жакшы болгон. Бирок, ШКУнун башка өлкөлөрү, анын ичинде Кыргызстан жана Кытай менен төмөндөп кеткен.

ШКУнун алкагындагы Тажикстандын негизги соода өнөктөштөрү Россия, Кытай жана Казакстан болуп саналат. Жогоруда аталган мөөнөттөгү бул өлкөлөр менен соода-сатык алакасынын жалпы көлөмү 790 миллион долларды түзгөн.

Бирок, уюмдун башка өлкөлөрү менен болгон Тажикстандын соода алакасы начар болгон же тактап айтканда, ШКУнун бардык өлкөлөрүнүн бул өлкөгө импорту тажик экспортунан көп болгон.

Пикир

Оставить комментарий