• 88.68
  • 95
  • 0.95

Тоңдо жол кырсыгынан эки адам каза болду, жабыркагандар бар. Сүрөт

Кырсык 0

Бишкек, 01.07.20. /Кабар/. Ысык-Көл облусуна караштуу Тоң районунда күн мурун, 30-июнда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бөкөнбаев айылынын Кум-Дөбө тилкесинде УАЗ үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай, унаа оодарылып кеткен. Кырсыктан бир аял жана бир жаш бала каза болгон, эки эркек киши жабыркаган.

Кырсык катталган жерге ӨКМдин куткаруучулары тартылып, маркумдардын сөөгүн унаадан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ал эми жабыркаган жарандарды тез жардам кызматы райондук ооруканага жеткирген.

Пикир

Оставить комментарий