• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Тоң районундагы маданият үйүн курууда мамлекетке 2 млн сомдон ашуу зыян келтирилген

Укук тартиби 0

Бишкек, 28.03.22. /Кабар/. Тоң районундагы маданият үйүн курууда мамлекетке 2 млн сомдон ашуу зыян келтирилген. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ысык-Көл облусунун Тоң райондук прокуратурасы тарабынан Ысык-Көл облусунун өнүктүрүү фондун башкаруу Дирекциясынын кызмат адамдарына карата кылмыш иши козголду.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Тоң районуна караштуу Төрт-Гүл айылындагы 200 орундуу маданият үйүнүн имаратын курууда Дирекциянын кызмат адамдары кызмат абалынан пайдалануу менен материалдык кызыкчылыктарды көздөп, подрядчылар менен алдын ала макулдашууга барып, аткарылган иштердин актыларына жасалмаланган маалыматтарды жана иш жүзүндө аткарылбаган жумуштарды киргизишкендиги аныкталды. Натыйжада мамлекетке 2 млн 101 миң 192 сом өлчөмүндө зыян келтирилген.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголуп, сотко чейинки өндүрүш башталды.

Пикир

Оставить комментарий