• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Токмок шаарындагы авариялык абалдагы электр мамылары алмашылууда

Аймак 0

Бишкек, 10.10.23. /Кабар/. Чүй электр тармактар ишканасынын Токмок РЭТинин электр куроочулары тарабынан авариялык өчүрүүлөрдү алдын алуу боюнча иштер жүрүп жатат.

Алсак, Токмок шаарындагы авариялык абалдагы мамылар темир бетон мамыларга алмашылууда. Быйылкы жылга авариялык абалдагы 150 даана электр мамыны алмаштыруу пландалган. Бугүнкү күндө 140 даанасы алмашылып бүттү. Калган 10 даана электр мамысы октябрь айынын аягына чейин алмашылат.

Бул иштер керектөөчүлөрдү сапаттуу жана үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу үчүн жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий