• 88.68
  • 95
  • 0.95

Туманбаева: Өкмөт жардам бербесе, документтерди топтоп, турак жайга «кызыл китеп» алыш кыйын болуп калды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 01.02.18 /Кабар/. Турак жайын камсыздандыра турган жарандарга жардам берүү керек. Ал үчүн адегенде турак жайы жайгашкан жер участкасына «кызыл китеп» алышы керек. Ал эми аны алуу үчүн толгон-токой документтерди топтойт. Ал документтерге бери дегенде 10-15 миӊ сом жумшалат. Мындай абал элеттиктерге оорчулук келтирүүдө. Бул тууралуу депутат Рада Туманова Жогорку Кеӊеш жыйынында билдиргенин парламенттин басма сөз кызматы маалымдады.

«Бизде аргандай табийгый кырсыктар көп болот, өрт чыгат дегендей… Жарандар өз турак жайларын камсыздандырууга аргасыз. Өкмөт аларга жардам бербесе, документтерди топтоп, турак жайга «кызыл китеп» алыш кыйын болуп калды. Ошондуктан, элетте жашаган андай жарандарга кандайдыр бир жеӊилдиктер берилиши керек», - дейт эл өкүлү.

Пикир

Оставить комментарий