• 88.68
  • 95
  • 0.95

Турсунбеков: Бийликке келүү менен бийликтен кете билүүнү салтка айлантуубуз керек

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 25.10.17 /Кабар/. Бүгүн, 25-октябрда Жогорку Кеңеш жыйынында Төрага Чыныбай Турсунбеков Жогорку Кеңештин Төрагасы кызматын тапшыра тургандыгы боюнча билдирүү жасады. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Чыныбай Турсунбеков өз сөзүндө саясатка 7 жыл мурун келгенин, Жогорку Кеңеш Төрагасы кызматына 1,5 жыл мурун шайланганын, бул мезгил ичинде парламентте жасалган иштерге токтолду. Анын айтымында, бул мезгил аралыгында 2020-жылга чейин Жогорку Кеңештин өнүктүрүү стратегиясынын алкагында бир катар иш-чаралар жүзөгө ашты. Жогорку Кеңештин Төрагасынын алдында ишкерликти өнүктүрүү боюнча кеңеш түзүлүп, ишкерликке баардык мыйзамдык шарттарды түзүүгө кадамдар жасалды. Ошону менен катар, соңку жылдарда Жогорку Кеңештин эл аралык коомчулукта, ЕККУ, ЖККУ, КМШ ПАА, ТүркПА сындуу эл аралык уюмдарда татыктуу өз ордун көрсөтө алды. Бир катар маанилүү ратификациялык мыйзамдар кабыл алынды.

Парламент жетекчилигинен кетип жатканын айткан Чыныбай Турсунбеков демократия куруу жолунда бараткан Кыргызстанда парламенттик башкаруу формасына өтүү үчүн конституциялык реформаны аягына чыгаруу керектигин билдирди. Мындан сырткары, өлкөдө Президенттик кызмат тынчтык жолу менен өткөрүп берүү салты ишке ашып, муну менен Кыргызстан дүйнө коомчулугунда аты таанылып жатканын белгиледи. “Бийликке келүү менен бийликтен кете билүүнү салтка айлантуубуз керек”, дейт Ч.Турсунбеков.

Сөзүнүн соңунда Чыныбай Турсунбеков спикерликтен кетсе дагы, саясат менен парламенттен кетпестигин белгилеп, демократиянын өнүгүшүнө салым кошуп келе жаткан жалпыга маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнө, кесиптештерине ыраазычылыгын айтты.

Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары Чыныбай Турсунбековдун парламент спикери кызматын жогорку деңгээлде аткарганын, баардык эл өкүлдөрүнө калыс мамиле жасагандыгын, анын адамдык бийик сапаттарга ээ экендигин баса белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий