• 88.33
  • 95.26
  • 0.96

UFC`нин президенти: Валентина Шевченко ар бир айда мушташууга даяр

Спорт 0

Бишкек, 04.10.18 /Кабар/. Эгерде биз уруксат берсек, Валентина Шевченко ар бир ай сайын мушташат. Бул тууралуу UFC`нин президенти Дана Уайт Сиджара Юбэнкс эмне себептен кыргызстандык спортчу менен мушташта Йоанна Еджейчиктин ордуна чыгып жаткандыгы тууралуу айтып жатып билдирди.

“Эгерде Сиджара Юбэнкс TUF 26 финалына салмак жасай алганда ал чемпион болмок же титул үчүн мушташмак”, - деп билдирди Дана Уайт берген маегинде.

“Валентина Шевченко 125 фунтта эң каардуу кыз экендигине шек жок. Бул мушташты биз азыр деле уюштуруп койсок болот”.

“Йоанна Нью-Йоркто UFC 230да мушташууга даяр эмес болчу. Ал эми Валентинага баары бир болчу, ал эртең деле мушташууга даяр. Эгер биз ага уруксат берсек, ал ар бир айда мушташат. Валентина бул мушташтын орун алышын каалаган. Юбэнкстин салмагы жайында экенине күбө болдук, ал чекке жакындап калды. Бул мушташ кызыктуу болот”.

Эске салсак, көпчүлүк күтүп жаткан Валентина Шевченко менен Сиджара Юбэнкстин беттеши орун ала турган UFC 230 турнири 3-ноябрда Нью-Йорк шаарындагы “Мэдисон Сквер Гарден” аянтчасында болот.

Пикир

Оставить комментарий