• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

УКМК Аскарбек Шадиевдин иши боюнча Интерполго үч ирет кайрылган

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 14.02.19. /Кабар/. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) Коррупцияга каршы кызматы мурдагы биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевдин иши боюнча Интерполго үч ирет кайрылган. Бул тууралуу Коррупцияга каршы кызматтын башчысы Сагынбек Исмаилов Жогорку Кеңештин отурумунда билдирди.

Анын айтымында, азыркы тапта Интерпол документтерди карап жатат.

"Эгер соттун чечими болсо, анда Шадиев алынып келет. Алар (Интерпол) бул иш боюнча биринчи инстанциянын өкүмүн сурашты", - деди ал.

Ал эми Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов АКШ менен Кыргызстанда кармалгандарды өткөрүп берүү боюнча эч кандай макулдашуу же конвенция жок экенин белгиледи.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Аскарбек Шадиевге карата Бишкектин Биринчи май райондук сотунун 10 жылга эркинен ажыратуу жана мүлкүн мамлекетке өткөрүп алуу өкүмү чыгарылган.

Башкы прокуратура Шадиевге "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси менен кылмыш ишин козгогон. Буга 2017-жылы Жогорку Кеңештин эсебинен Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыгына бөлүнгөн 30 миң доллардын уурдалганы себеп болгон.

Учурда экс-депутат АКШда экени айтылып келет.

Пикир

Оставить комментарий