• 88.68
  • 95
  • 0.95

УКМК чет мамлекеттердин Кыргызстандын ички саясий иштерине кийлигишүүсүнө жол бербей тургандыгын билдирди

Коом 0

Бишкек, 01.12.21. /Кабар/. Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) чет мамлекеттердин өлкөнүн ички саясий иштерине кийлигишүүсүнө жол бербей тургандыгын билдирди.

Ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришкендей, үстүбүздөгү жылдын 26-ноябрында “Лента.РУ” интернет сайтынын баракчасында жарыяланган “Түркия Кыргызстанда мамлекеттик төңкөрүш жасоого даярдык көрүп жатат” деген аталыштагы маалымат жалган жана ал чындыкка дал келбейт.

"КР УКМК чет мамлекеттердин эч кимиси Кыргызстандын ички саясий иштерине кийлигише албастыгын жана мамлекеттик комитет эч кандай кийлигишүүгө, ошондой эле коомдо жана мамлекетте болуп жаткан процесстерге тышкы күчтөрдүн таасир этүү аракеттерине жол бербей турганын расмий билдирет", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий