• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

УКМК жетекчилиги согуштун жана улуттук коопсуздук органдарынын ардагери Василий Кавешниковду куттуктады

Коом 0

Бишкек, 08.05.21. /Кабар/. Бүгүн, 8-майда КР УКМК жетекчилиги жана өздүк курам Улуу Ата Мекендик согуштун жана улуттук коопсуздук органдарынын ардагери Василий Тихонович Кавешниковду келе жаткан Жеңиш күнүнүн 76 жылдыгы менен куттуктады. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

В.Кавешников менен жолугушууда КР УКМК өкүлдөрү келе жаткан Жеңиш күнү менен куттуктап, улуттук коопсуздук органдарынын атынан терең ыраазычылык билдирди.

“Жылдар өтөт, кылымдар өтөт, бирок дүйнө сиздердин эрдигиңизди эч качан унутпайт, анткени сиздер жаш муундардын жогорку патриоттук сапаттарын, адеп-ахлактык негиздерин калыптандырууга чоң таасир эттиңиздер - сиздер ошол каргашалуу жылдарга күбө болуп жатасыздар. Улуу Ата Мекендик согуштун сабактары бизди заманбап коркунучтарга каршы күрөшүүдө тилектештикке жана биримдикке үйрөттү. Жана сиздерден үлгү алуу менен гана биз үйлөрүбүздө тынчтыкты жана бейпилдикти сактап, терроризмге, этникалык жана диний каршылыктарга натыйжалуу күрөшө алабыз. Бул биздин сиздерге болгон милдетибиз!” - деди КР УКМКнын Кибер коопсуздук боюнча кординацилык борборунун директору, төраганын орун басары Жаныбек Жоробаев.

Полковник Василий Кавешниковдун айтымында, биздин бүгүнкү улуу муун өз өлкөсүнүн тагдырына кайдыгер карай албастыгына токтолду.

“Өлкө көптөгөн жылдардан бери бейпил жашоону башынан кечирип келет, бирок биздин замандын кыйынчылыктары жана коркунучтары бул терроризм. Анткени, терроризм - бул XXI кылымдын фашизми. Азыркы муундагы бул коркунучту биримдик, тилектештик жана Ата Мекенге болгон сүйүү гана жеңе алат. Мурун болуп көрбөгөндөй руханий баалуулуктарды - биздин жаш муундар бекемдеп, көбөйтүшү керек. Биз кымбаттуу неберелерге, чөбөрөлөргө, сиздерге ишенебиз жана биздин Мекенибиздин кубатын жана кадыр-баркын артыкчылыгына таянабыз! Эң татынакай, күчтүү жана таза Мекенибизди сактагыла, жана аны коргогонго даяр болгула”, - деди өз сөзүндө Улуу Ата Мекендик согуштун чекист-ардагери.

Воронеж областынын тургуну Василий Кавешников 1925-жылы Козлов районунун Костино-Отделец айылында туулган.

Ал өзүнүн эмгек жолун Ош областынын Сүлүктү шаарындагы “Сүлүктү” кен башкармалыгынын статистиги катары баштаган. Мамлекеттик коопсуздук органдарында 1944-жылдан 1985-жылга чейин иштеген. СССР Мамлекеттик коопсуздук комитетинин Жогорку мектебин аяктаган. ИИМ райондук бөлүмүнүн атайын комендатурасынын коменданты катары иштеп баштап Кыргыз ССР Мамлекеттик коопсуздук органдарынын бөлүм башчысы болгуча бардык кызмат тепкичтерин басып өткөн.

Мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылууда Василий Кавешников көптөгөн мекемелик жана мааракелик медалдар менен сыйланган.

Пикир

Оставить комментарий