• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

УКТ менен мамлекеттик деңгээлде күрөшүү керек - депутат

Коом 0

Бишкек, 29-март /Салтанат Абдраева – Кабар/. Уюшкан кылмыштуу топтор (УКТ) менен тутумдуу түрдө мамлекеттик деңгээлде күрөшүү зарыл, керек болсо алар үчүн өзүнчө абак да куруу шарт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында КСДП фракциясынын депутаты Дастан Бекешов билдирди.

Белгилей кетсек, бүгүн парламентте “КРнын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” (Кылмыш кодексине, Кылмыш-аткаруу кодексине) мыйзам долбоору угулду.

Дастан Бекешов УКТ, алардын “жамааты” түшүнүктөрү күн сайын күч алууда деп белгиледи.

“Менимче, ЖМАК эле эмес, бардык мамлекеттик органдар алар менен күрөшүүгө тийиш. Ал эми майда өзгөртүүлөрдү киргизүү УКТ маселесин чечпейт. Бул болсо чындыгында чоң көйгөй. Аны менен тутумдуу күрөшүү зарыл”, - деди депутат.

Ошондой эле эл өкүлү, керек болсо, Грузиядагы сыяктуу, УКТчылар үчүн өзүнчө абак куруу зарылдыгын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий