• 88.68
  • 95
  • 0.95

«Улуттук башкаруучу компания» ачык акционердик коому түзүлдү

Өкмөт 0

Бишкек, 21.06.19. /Кабар/. «Улуттук башкаруучу компания» ачык акционердик коому түзүлдү. Тийиштүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Бул чечим Мамлекеттик мүлктү башкаруу системасын өркүндөтүү максатында кабыл алынган.

«Улуттук башкаруучу компания» ачык акционердик коому Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте уставдык капиталына мамлекеттин 100 пайыз катышуусу менен түзүлүүдө.

«Улуттук башкаруучу компания» ачык акционердик коомунун уставдык капиталы бир акциясы 100 сом номиналдык наркы менен 100 миң жөнөкөй энчилүү акцияларга бөлүнгөн 10 миллион сом өлчөмүндө аныкталган.

Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондуна «Улуттук башкаруучу компания» ачык акционердик коомунун уюштуруучусу катары чыгып, «Улуттук башкаруучу компания» ачык акционердик коомун Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөрүү тапшырмасы берилген.

Пикир

Оставить комментарий