• 88.68
  • 95
  • 0.95

WWF: Акыркы 44 жылда жер бетиндеги жаныбарлардын 60 пайызы жок кылынган

Дүйнө 0

Бишкек, 31.10.18 /Кабар/. 1970-2014-жылдар арасында адамдын ишмердигинин кесепетинен жер бетиндеги жаныбарлардын 60 пайызы жок болгон. Мындай маалымат Жапайы жаратылыш дүйнөлүк фондунун (WWF) жана Лондондук зоологиялык коомдун биргелешкен докладында айтылат.

Окумуштуулар жаныбарлардын жок болуусунун башкы себептери катары адамдын айыл чарба ишмердигин, аңчылык (анын айынан жаныбарлардын 300гө жакын түрү жок болгон), океанды булгоону айтышкан.

WWFтин аткаруучу директору Майк Барретт адамзаты жетер чегине жетип калды деп билдирди. Анын айтымында, эгер адамзаты 60 пайызга кыскарса, анда Түндүк жан Түштүк Америка, Африка, Европа, Кытай жана Океания бош калмак.

“Биз жасаган иштин зыяны ушунчага жетти”, - дейт Барретт.

Докладда эгер жаныбарларды өлтүрүүнү бүгүн токтотсок, баарын калыбына келтирүү үчүн табиятка 5-7 миллион жыл керектелет деп айтылат.

Пикир

Оставить комментарий