• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Түштүк Кореядагы тайфундун айынан 9 адам каза болуп, 700гө жакын учак каттамы токтотулган

Дүйнө 0

Бишкек, 03.10.19. /Кабар/. Түштүк Кореядагы "Митаг" тайфунунан 9 адам каза болуп, дагы беш адам дайынсыз жоголду. Бул тууралуу YTN телеканалы билдирди.

Маалыматка ылайык, топон суу жана жер көчкүнүн айынан Пусан, Пхохан, Ульджин, Каннын шаарында 9 адам мерт кеткен.

Ал эми, Канвондо, Кёнсан-Пукто, Чеджудо провинциясында 7 тургун жабыркаган.

Түштүк Кореяда 318 адам же 175 үй-бүлө башка коопсуз жерге көчүрүлгөн. Тайфун өлкөдөгү транспорт системасын үзгүлтүккө учураткан жана 44 миң үй электр энергиясыз калган.

Буга чейин Түштүк Кореядагы "Митаг" тайфундун айынан 700гө жакын учак каттамы токтотулганы айтылган.

Пикир

Оставить комментарий