• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Ысык-Көлдүн милициясы Польшалык мугалимди уурдоо аракетин иликтөөдө

Укук тартиби 0

Бишкек, 26-июль /Кабар/. Ысык-Көл районунун милициясы Польшанын жараны Квечень Агнешкинин арызы боюнча аны уурдоо аракетин тергөө иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ИИБ басма сөз кызматы билдирди.

Белгиленгендей, ЖМКларда Варшава шаарынын 24 жаштагы тургуну Квечень Агнешки тууралуу маалыматтар пайда болду. Маалыматтар боюнча, 23-июлда 07:00 чамасында белгисиз эркектер аны Ысык-Көл районунун аймагындагы курорттук жайлардын бирине жакын жерден унаага салып уурдоо аракетин көрүшкөн.

Арыз ээсинин айтымында, бул күнү ал саат 07:00 чамасында “Сары-Ой” айылындагы “Кайнар” ысык булагынан кайтып келе жаткан. Аны утурлай келген жеңил машинадагы болжол менен 25-30 жаштардагы азиат улутундагы эки белгисиз жигит аны ала кетүүнү сунушташкан. Агнешки макул болгон эмес, ошондо жигиттердин бири аны кармап, унаага отургузууга аракет кылган. Бирок, экинчиси кызды жайына коюшун талап кылган.

Бошонгон соң, ал өтүп бара жаткан башка унааны токтотуп, иштеген жери «Кембридж Скуулга» жеткирүүнү өтүнгөн. Бул унаанын артында айдоочунун таанышы уктап жаткан. Агнешки алдына отурат. Унаа барчу жерден өтүп кеткен соң, ал айдоочудан артка кайрылууну суранат. Бурулуп жатканда, таанышы ойгонуп калганынан чочуган Агнешки унаадан түшүп, башка унааны тоскон. Анын айдоочусуна болгон окуяны айтып берип, ал милицияга кайрылууну сунуштаган.

Польшанын жаранынын арызы Ысык-Көл райондук ИИБ күзөт кызматында катталган. Милиция кызматкерлери окуянын чо-жайын териштирүү үчүн белгиленген унааларды издөөдө. Бул факт боюнча күбөлөр “Кайнар” булагынын администрациясынын кызматкерлери суралды.

РИИБ кызматкерлеринин бул факты боюнча иштери тууралуу кошумча маалымдалат.

Пикир

Оставить комментарий