• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Ысык-Көлдө уктап кеткен айдоочу жол четиндеги кичиавтобусту сүзгөн – видео

Коом 0


Бишкек, 09.07.22. /Кабар/. Ысык-Көл облусунда Балыкчы – Ананьева – Каракол унаа жолунда Nissan X-Trail үлгүсүндөгү жол тандабас жол жээгинде турган Mercedes-Benz Sprinter унаасын коюп кеткен. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы кечээ болгон. Жол тандабас кичиавтобус эс алуу үйлөрүнүн биринин жанында жүргүнчүлөрдү түшүрүп жатканда сүзгөн.

Жыйынтыгында кичиавтобустун айдоочусу 1975-жылы туулган И.П., 1984-жылы туулган жеңил унаанын айдоочусу К.С. жана анын жүргүнчүсү 1994-жылы туулган К.К. ооруканага жеткирилген.

Аталган факты боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Алдын ала маалымат боюнча жол тандабастын айдоочусу уктап кеткен.

Пикир

Оставить комментарий