• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Ысык-Көлдө ведомстволор аралык жумушчу топ балдар лагерлерин текшеришти

Аймак 0

Бишкек, 20.07.23. /Кабар/. Ысык-Көлдө ведомстволор аралык жумушчу топ балдар лагерлериндеги коопсуздукту текшеришти. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматы, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жана Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрүнөн турган ведомстволор аралык жумушчу топ тарабынан түшүндүрүү иш-чаралары уланууда.

Кечээ, 19-июлда аталган топ Ысык-Көл облусунун аймагында жайгашкан "Илим", "Адмирал", "Алтын Балалык" балдар лагерлеринде түшүндүрүү иш-чараларын жүргүзүшкөн. Жалпысынан облуста 30 ден-соолукту чыңдоочу жайкы лагерлер бар.

Милиция кызматкерлери балдар лагеринин аймагын коргоого өзгөчө көңүл буруп, нөөмөт бөлүмүнүн жана милициянын аймактык тсекөөчүлөрүнүн телефондорунун болушун текшеришип, лагердин жетекчилерине жана кызматкерлерине жайкы каникул учурунда балдардын коопсуздугун камсыздоо боюнча бир катар кеңештерди беришип, өзгөчө кырдаалда кандай иш-аракеттерди кылуу керек экендигин түшүндүрүп кетишти.

Балдардын коопсуздугу- жайкы эс алуудагы эң маанилүү милдеттердин бири. Буга байланыштуу милиция кызматкерлери балдарга жеке коопсуздук чаралары, көлдөгү жүрүм-туруму, теңтуштары менен баарлашуу эрежелери, телефон, планшет сыяктуу материалдык баалуулуктарды сактоо тууралуу айтып беришти. Ошондой эле, ар кандай укук бузуулар жана мүлктүк мүнөздөгү кылмыштар үчүн жоопкерчиликти белгилешип, алкоголдук ичимдиктерди жана баңгизаттарды колдонбоону эскертишти.

ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын бөлүм башчысы, милициянын полковниги Таалай Алижанов белгилегендей, балдардын коопсуздугу биз үчүн биринчи орунда турат. Балдарга жана алардын коопсуздугуна кам көрүү милиция кызматкерлеринин да, лагерлердин жетекчилигинин да негизги максаты болуп саналат. Бул өнөктөштүк программасы мыкты натыйжаларды көрсөтүүдө.

Мындан тышкары, жумушчу топ балдар лагерлеринде куткаруучулардын болушуна, эскертүүчү белгилерге, сууга түшүүчү балондордун, өрт өчүрүүчү шаймандардын жана башкалардын болушуна өзгөчө көңүл бурушту.

Пикир

Оставить комментарий