• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жалал-Абадда "Коопсуздук-2023" биргелешкен машыгуусу өтүүдө

Аймак 0

Бишкек, 25.04.23. /Кабар/. Жалал-Абадда “Коопсуздук-2023” биргелешкен командалык-штабдык жана мобилизациялык машыгуусу өтүүдө. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Машыгуу ушул жылдын 25-27-апрель күндөрү Жалал-Абад шаарынын жана Базар-Коргон районунун аймагында өтөт. Аны КРнын Куралдуу күчтөрү уюштурган.

Бүгүн Жалал-Абад облусунда жергиликтүү мамлекеттик бийлик органдарынын жетекчилеринин катышуусунда машыгууга даярдык көрүү боюнча уюштуруу жыйыны болду.

Машыгууга КР Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын начальниги Эрлис Тердикбаев, ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов, президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, Жалал-Абад ОИИБдин начальниги Жеӊишбек Абитов катышууда.

Машыгуунун алкагында Жалал-Абад шаарынын жана Базар-Коргон районунун аймагына блокпосттор орнотулуп, милиция кызматкерлери күнү-түнү кызмат өтөшүүдө.

Облустук милиция Жалал-Абад шаарынын жана Базар-Коргон районунун тургундарын тынчсызданбоого чакырат. Бардык иш-чаралар машыгуунун алкагында өтүп жатат.

Учурда Жалал-Абад облусунун аймагында коомдук абал туруктуу жана милициянын көзөмөлүндө.

Пикир

Оставить комментарий