• 88.68
  • 95
  • 0.95

Өзбекстан Украинадагы жарандарын алып келүү үчүн жети аба каттамын уюштурду

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 04.03.22. /Кабар/. Украинадан Польшага жеткирилген өзбекстандыктарды мекенине кайтаруу үчүн жети аба каттамы уюштурулду.

Өзбекстан Транспорт министрлиги билдиргендей, жетинчи каттам Катовице аэропорунан аткарылып, учак Ташкентке 3-март түнү келип конду.

Министрлик бул каттам менен 181 жаран келгенин кабарлады. Ошол эле маалда жалпысынан Польша аркылуу канча өзбестандык мекенине жеткирилгени так айтылган жок.

Пикир

Оставить комментарий