• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Өзбекстанда Айтматовдун 90 жылдыгына арналган даректүү тасманы тартуу иштери жүрүүдө

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Ташкент, 11.10.18. /Кабар/. Өзбекстанда дүйнөлүк адабияттын классиги Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган даректүү тасманы тартуу иштери жүрүүдө.

“Эки элдин сүйүктүү уулу” аталышындагы тасма “Узбеккино” улуттук агенттигинин буйрутмасы менен даректүү тасмалардын киностудиясы тарабынан тартылууда. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинин кабарчысына Өзбекстандын улуттук университетиндеги “Чыңгыз Айтматов жана Өзбекстан” экспозициясынын директору Ахмаджон Мелибоев билдирди.

Анын айтымында, тасма эки бөлүктөн турат, жазуучунун жашоосу жана чыгармачылыгы тууралуу. Жаңы тасманын режиссёру – Баходыр Одилов, сценарийинин автору - Ахмаджон Мелибоев, оператору - Самиджон Суннаталлиев.

Даректүү фильмди тартуу Өзбекстандын президентинин 2-апрелдеги “Залкар жазуучу жана коомдук ишмер Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгын кеңири белгилөө тууралуу” токтомуна ылайык жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий