• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Өзбекстанда коронавирус менен ооруп калган абитуриенттер үчүн кошумча сынак уюштурулат

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 10.08.21. /Кабар/. Өзбекстанда дене табы көтөрүлгөнүнө байланыштуу сынакка киргизилбеген абитуриенттер үчүн кайра тест өткөрүлөт. Бул тууралуу Санитардык-эпидемиологиялык жана коомдук саламаттык кызматы менен Мамлекеттик тестирлөө борборунун биргелешкен билдирүүсүндө айтылат.

Коронавирус жуктурганы, дене табы көтөрүлгөнү үчүн сынакка киргизилбегендер эки апта ичинде тест тапшырат. Алар covid@dtm.uz электрондук почтасына онлайн арыз таштай алышат.

Убагында кирүү сынагын тапшыра албаган абитуриенттер үчүн тест бир жолу гана уюштурулат.

Өзбекстанда бакалавр үчүн 2021-2022-окуу жылдарына студенттерди кабыл алуу үчүн сынактар 5-августта башталган.

Пикир

Оставить комментарий