• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Өзбекстанда коронавирус жуктургандардын саны 4,9 миңден ашты

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 13.06.20. /Кабар/. Өзбекстанда COVID-19 коронавирустук инфекциясын жуктургандардын саны 4 миң 901 адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, өлкөдө сутка ичинде коронавирусту жуктурган 82 учур катталган. Ал эми 121 бейтап илдеттен айыгып, реабилитациялык борборго жөнөтүлгөн.

Белгилей кетсек, Өзбекстанда карантин 15-июнга чейин узартылган. Аймактардагы эпидемиологиялык абалга жараша "кызыл", "сары" жана "жашыл" сыяктуу карантиндик чектөөлөр коюлган.

8-июндан тарта “сары” жана “жашыл” аймактарда карантиндик коопсуздук чараларын сактоо талаптары менен шаардык жана шаар четиндеги маршруттардагы коомдук транспорт иштей баштады, метродон тышкары. Ошондой эле 8-июндан тарта диний мекемелер өз ишин жандантты.

Учурда өлкөдө 4 миң 901 адам илдет жуктурса, анын 3 миң 758и айыкты. Ал эми коронавирус жуктурган 19 бейтап каза болду. 1124 бейтап ооруканаларда дарыланууда, алардын 14үнүн абалы оор болсо, экөө өтө оор абалда.

Пикир

Оставить комментарий