• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Өзбекстанда сутка ичинде коронавирус жуктурган 487 учур катталды. Жалпы 13193

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 13.07.20. /Кабар/. Өзбекстанда COVID-19 коронавирустук инфекциясын жуктургандардын саны 13 миң 193 адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, өлкөдө сутка ичинде коронавирусту жуктурган 487 учур катталган. Ал эми 129 бейтап илдеттен айыгып, ооруканадан чыгарылса, 3 бейтап каза болду.

Өзбекстанда 10-июлдан 1-августка чейин карантиндик чектөөлөр катаалдады.

Ошондой эле Өзбекстан коронавирус эпидемиясына байланыштуу 13-июлдан тартып 1-августка чейин жаңы чектөөлөрдү киргизди. Дем алыш күндөрү транспорттук каражаттардын, анын ичинде таксилердин жүрүшүнө тыюу салынды. Жашы 65тен жогору кишилер обочолонуусу зарыл.

Коронавирус менен күрөшүү боюнча республикалык комиссия 13-июлдан тартып ички аба жана темир жол каттамдары токтой турганын билдирди. Поезд үчүн алдын ала билет сатып алгандардын акчасы кайтарылат, авиабилеттерди болсо кийин, жыл ичинде колдонсо болот.

Өлкө боюнча бүгүн, 13-июлдан тартып чач тарачтар жана сулуулук салондору жабылары күтүлүүдө.

Учурда өлкөдө 13 миң 193 адам илдет жуктурса, анын 7 миң 723ү айыкты. Ал эми коронавирус жуктурган 61 бейтап каза болду. 5 миң 280 бейтап ооруканаларда дарыланууда. Алардын 43үнүн абалы оор болсо, жетөөнүн абалы өтө оор.

Пикир

Оставить комментарий