• 88.68
  • 95
  • 0.95

Өзбекстанда «Түбөлүктүү сүйүү» түрк сериалын көрсөтүүгө экинчи жолу тыюу салынды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 01.08.19. /Кабар/. Өзбекстанда Zo'R TV телеканалы «Түбөлүктүү сүйүү» түрк сериалын көрсөтүүнү токтотту. Аты-жөнүн билдиргиси келбеген аткаминердин айтымында, мындай талап өлкөнүн премьер-министри Абдулла Арипов тарабынан 30-июлдагы видеоселектордун жыйын маалында айтылган.

«Бизде премьер-министр менен өкмөттүн чечимин тоготпогон бир нече аткаминер бар. Алар каалаганын кылып жатышат. Мен ким жөнүндө айтып жатканымды билесиңер. Өлкөдө кайрадан уятсыз түрк сериалы көрсөтүлдү. Аны бүгүн эле эфирден алгыла! Мейли, силер өкмөт менен премьер-министрди укпайт экенсиңер, бирок элдин пикирин эске алгыла да. Бул сериалга карата канча киши нааразылыгын айтып келет?», - деп билдирген Арипов жыйында.

Видеоселектордук жыйынга катышкан аткаминер премьер-министр жогорудагы сөздөрдү Ташкенттин башчысы Жахангир Артихожаевге айтканын ырастады.

Zo'R TV телеканалынын өкүлү «Түбөлүктүү сүйүү» сериалы диний аудиториянын өтүнүчү менен эфирден алынганын билдирди.

«Дин адамдары Telegram жана башка түйүндө аркылуу кол топтоп, президенттин порталына кайрылып, акыры сериалды көрсөтүүнү токтотушту. Бул тасма популярдуу болуп, аны эл өтө жактырып көрчү. Бирок аз сандагы диний фанаттардын талабы адамдардын каалоосунан бийик болуп чыкты», — деди ал.

Өзбек өкмөт башчысы Абдулла Арипов былтыр 14-февралдагы видеоселектордун жыйында дагы «Түбөлүктүү сүйүү» сериалын сынга алган. Андан эки күн өткөндөн кийин сериалды көрсөтүү токтотулган.

«Түбөлүктүү сүйүү» телесериалы 2015–2017-жылдары режиссерлор Хилал Сарал жана Экин Пандир тарабынан тартылган. Дүйнөнүн 28 өлкөсүндө көрсөтүлгөн тасма 2017-жылдын мыкты телесериалы деп табылып, Эмми сыйлыгын алган.

Пикир

Оставить комментарий