• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Жалал-Абадда жер астындагы өтмөк курулууда

Аймак 0

Жалал-Абад, 01.08.19. /Кабар/. Жалал-Абад шаарынын борборунда Ленин менен Нагима Айтматова көчөлөрүн бириктирген жер астындагы өтмөк курулууда.

Өтмөктүн узундугу 35 метрге жетип, ал шаардык бюджеттин эсебинен жасалууда. Анын баасы 20 млн. сомдон ашык каражатты түзүүдө.

Шаар мэри Мураталы Тагаевдин айтымында, жер алдындагы өтмөктү куруу учурдун талабы болууда.

"Биздин шаар күндөн күнгө өсүп жатат. Ленин менен Нагима Айтматова көчөлөрү – ири соода түйүндөрү, банк жана базарлар жайгашкан шаардын борбордук бөлүгү. бул жерде унаалар көп каттап, жөө адамдар көп жүрөт. Мындан улам коопсуздук үчүн жер алдындагы өткөөл керек болгон. Аны шаардын эсебинен куруп жатабыз. Ал 1-октябрга карата ишке берилери пландалууда", - деди ал.

Ошондой эле Жалал-Абад шаарында мэрдин катышуусу менен шаардын эки бөлүгүн бириктирген жаңы жол ачылып, жаңы Манас көчөсүнүн узундугу 511 метр болгон.

Тагаевдин айтымында, жолдун курулушуна 4 млн 500 миң сом сарпталган.

Пикир

Оставить комментарий