• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Өзбекстандагы этникалык кыргыздардын саны 2020-жылы такталат

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Ташкент, 15.12.17 /Толонбай Курбанов – Кабар/. Статистика боюнча мамлекеттик комитет 2020-жылы Өзбекстанда калк каттоо жүргүзөт. Бул тууралуу Эл аралык пресс-клубдун жыйынында Өзбекстандын комитет төрагасы Баходир Бегалов билдирди.

“Бүт дүйнөдө калк каттоо жүргүзүү белгиленүүдө. Биз бул багытта иштеп жатабыз. Бул көп эмгекти талап кылган жана кыйла кымбат процесс. Чет элдик тажрыйбага таянсак, өлкөнүн бир жашоочусу үчүн каттоо процедурасына 3-4 АКШ доллары керектелет. Калк каттоо жүргүзүүнүн алдында бул кандай натыйжа берерин ойлонуп чыгуу керек”, - деди ал.

Акыркы жолу Өзбекстанда калк каттоо 1989-жылы жүргүзүлгөн. Анда өлкөдө 174907 миңден ашуун кыргыз этникалык жашап, өлкө калкынын жалпы санынын 0,88%ын түзгөн.

2013-жылдагы Мамкомитеттин акыркы маалыматына ылайык, Өзбекстанда 422 миң этникалык кыргыз жашаган. Демографтардын пикиринде калктын табигый өсүшүн эске алганда (жылына 1 пайызга жакын), учурда Өзбекстанда болжол менен кыргыз улутунун 500 миң өкүлү жашайт.

2017-жылдын сентябрынын аягына карата маалымат боюнча Өзбекстандын туруктуу калкынын саны 32,5 млн адамды түзөт.

Пикир

Оставить комментарий