• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Жаңы автобустардын ишке кириши менен жол киренин баасы кымбаттайбы? - Мэрдин жообу

Коом 0

Бишкек, 24.04.19. /Кабар/. Бишкек шаарында жол киренин акысы өзгөрбөйт. Бул тууралуу мэр Азиз Суракматов билдирди.

Кытайдан алынып келинген газ менен жүрүүчү жаңы автобустарды текшерип жатып, Азиз Суракматов бүгүнкү күндө жол киренин тарифин өзгөртүү маселеси күн тартибинде турбагандыгын билдирди. Анын айтуусу боюнча, мэрия кирешени коомдук транспорттордо электрондук билет берүү системасын киргизүү жолу менен жогорулатууну пландоодо.

Калаа башчысынын пикири боюнча, электрондук билет боюнча тендер өтүп, аны швейцариялык компания жеңип алган. Жакынкы 3-4 айдын ичинде келишим боюнча иштер жана кызмат көрсөтүү системасын ыңгайлаштыруу боюнча иштер аяктайт.

“Аталган программа коомдук транспорттон түшкөн келишимдин көлөмүн 3-4 эсе көбөйтөт. Келечекте биз ошол кирешенин эсебинен автобустарды өзүбүз сатып алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт”, - дейт ал.

Суракматов кошумчалагандай, алдыда жол кире төлөмүн жүргүзүү үчүн карталарды чыгаруучу банкоматтарды түзүү жана аларды толтуруу, ошондой эле автобустарда атайын программалык жабдык орнотуу иштери турат. Банкоматтар дүкөндөрдө, супермаркеттерде жана башка коомдук жайларда орнотулат.

Пикир

Оставить комментарий