• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Аламүдүн базары дезинфекциялоо иштерине жабылды − мэрия

Коом 0

Бишкек, 15.06.20. /Кабар/. Бүгүн, 15-июнь күнү дезинфекциялоо иштерин жүргүзүү үчүн Аламүдүн базары убактылуу жабылды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти.

Тиешелүү токтомго Бишкек шаарынын вице-мэри Татьяна Кузнецова кол койгон.

“Базардын аймагындагы (Курманжан Датка, Буденный, Муса Жалил жана Жибек Жолу проспектиси менен чектелген бөлүк) бардык соода түйүндөрү жана башка ишкерлик субъекттер убактылуу жабылды”, - деп билдиришти мэриядан.

Бишкек шаарынын мэрия жарандарды санитардык талаптарды аткарууга чакырат.

Пикир

Оставить комментарий