• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жаңы мыйзамга ылайык салыктын ставкалары көтөрүлгөн жок — Асылкулов

Экономика 0

Бишкек, 05.04.23. /Кабар/. Салык салуу чөйрөсүндөгү өзгөртүү боюнча мыйзамга ылайык, салыктын ставкалары көтөрүлгөн жок. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында экономика жана коммерция министринин орун басары Искендер Асылкулов билдирди.

“Бирдиктүү салыктын ставкалары боюнча айрым өзгөртүүлөр киргизилди: чакан жана орто бизнестеги ишкерлер үчүн ставкалар тескерисинче төмөндөдү. Маселен, жылдык товар жүгүртүүсү 8 млн сомго чейин жетпесе салыктан бошотулат. Эгерде 30 млн сомго чейин жүгүртүүсү болсо, анда ставкасы 0,5 пайыз, эгерде 50 млн сомго чейин болсо ставкасы 1 пайызды түзөт”, - дейт ал.

Эскерте кетсек, президент Садыр Жапаров “Кыргызстандын айрым мыйзам актыларына салык салуу чөйрөсүндөгү өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамга кол койгон.

Мыйзамдын максаты – президенттин “Чакан ишкердик субъекттерин колдоо, жагымдуу салык жана бажы климатын түзүү жөнүндө”, “Чакан жана орто ишкердик субъекттерин колдоо жөнүндө” жарлыктарын ишке ашыруу болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий