• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Жайыл районунда турак үйдөн өрт чыгып, бир адам жабыркаган

Кырсык 0

Бишкек, 29.05.23. /Кабар/. Жайыл районунун Новониколаевка айылында турак үйдөн өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Новониколаевка айылында жыгач устундуу темир менен жабылган турак үйдүн 310 чарчы метр чатыры күйгөн, өрт жанаша жайгашкан аянты 20 чарчы метр чарба курулушуна өтүп, толугу менен күйгөн.

Өрттүн кесепетинен 35 жаштагы О.Б. аттуу эркек киши колун кестирип алып, тез жардам кызматы аркылуу шаардык ооруканага жеткирилген. Өрттүн себеби такталууда.

Белгилей кетсек, сутка ичинде өлкө аймагында 23 өрт кырсыгы катталган.

Пикир

Оставить комментарий