• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Жалал-Абад облусунун башчысынын орун басары аймактагы эпидемиологиялык абал тууралуу айтып берди

Аймак 0

Бишкек, 18.06.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Бүгүн онлайн брифинг учурунда өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ырысбек Ызабеков облустагы эпидемиологиялык абал тууралуу айтып берди.

Анын айтымында, Жалал-Абад облусунда бүгүнкү күнгө чейин обсервацияга алынып, чыгарылгандардын саны 1 миң 238ди түзөт. Учурда 86 жаран медициналык көзөмөлдө болууда.

"Ооруканаларда 389 орундук даярдалган. Учурда облустук оорукананын жугуштуу бөлүмүндө 27 жаран, Аксыда бир жана Ала-Бука районунда бир жаран дарыланууда. 874 адам үй карантинде болууда. Аларга 101 адистен турган 32 мобилдик топ байкоо жүргүзүүдө", - деди ал.

Ызабеков билдиргендей, облус боюнча жарандардан жалпы 8 миң 893 ПЧР тест, 9 миң 91 экспресс-тест алынган.

Пикир

Оставить комментарий