• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Жалал-Абад шаарында “Салттуу музыка жумалыгы” сынагы өттү

Аймак 0

Бишкек, 28.02.20. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында “Салттуу музыка жумалыгы” сынагы өттү. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ага калаадагы 30га жакын жаш таланттар катышып, ооз эки, салттык, музыкалык, айтуучулук, аспапчылык багыттары боюнча өз өнөрлөрүн көрсөтүштү.

Бул багыттагы саамалык бүгүн Жалал-Абад шаарындагы Маданият техникумунда өттү. Анда жаш таланттар калыстар тобуна өз өнөрлөрүн тартуулашты. Саамалыктын жыйынтыгында 6 катышуучу сынактын облустук туруна өттү.

Жумалыкты өткөрүүнүн максаты - жаштар арасында кыргыз элинин салттуу музыкасын жайылтуу, андан сырткары, жаңы таланттарды алып чыгып, колдоо көрсөтүү болуп саналат.

Эскерте кетсек, өлкөдө жыл сайын 25-апрель Салттуу музыка күнү катары белгиленип келет.

Пикир

Оставить комментарий