• 88.57
  • 95.33
  • 0.97

Жалал-Абад шаарынын айрым жерлеринде эки күн газ болбойт

Аймак 0

Бишкек, 17.08.23. /Кабар/. Жалал-Абад шаарынын айрым жерлеринде эки күн газ болбойт. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, №16 ГК газ скважинасы алмаштырылгандан кийин жер астындагы газ түтүкчөлөрүнүн басымын текшерүүгө байланыштуу 17-август саат 08:00дөн тарта, 18-август саат 18:00гө чейин шаардагы Бекмамат Осмонов, Достук, Бегимкулов, Алиев, Тыныстанов, Түлөбердиев, Орозбаев көчөлөрүндө жана Курманбек кичи районунун №15, 20, 21, 3, 14 үйлөрүндө жаратылыш газы өчүрүлөт.

Мэрия жарандардан жаралган ыңгайсыздыкты түшүнүү менен кабыл алууну суранат.

Пикир

Оставить комментарий