• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жалал-Абадда аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына мектеп формасы таратылды

Аймак 0

Бишкек, 28.08.23. /Кабар/. "Элим барсыңбы?! Жалал-Абад" кайрымдуулук фонду аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына мектеп формаларын тапшырды.

Шаардык мэриядан билдиришкендей, саамалык “Билим инвест” долбоорунун алкагында ишке ашып, мектеп формалары Жалал-Абад облусунун райондорундагы жана Жалал-Абад шаарындагы 400 балага берилди.

Иш-чарага президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн социалдык-мониторинг жана өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Гүлзат Аширова, Жалал-Абад шаарынын мэринин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова жана Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаты Буниса Мамадалиева катышты.

Алар өз сөзүндө келечек ээлерине жасаган бул камкордугу үчүн “Элим барсыңбы?! Жалал-Абад" кайрымдуулук фондуна жана жакындан көмөк көрсөткөн демөөрчүлөргө ыраазычылыктарын билдиришти.

Кошумчалай кетсек, “Билим инвест” долбоору 30-августка чейин улантылат. Буга чейин да аталган кайрымдуулук фонду 500 окуучуну мектеп формасы менен камсыздаган. Алдыда дагы 150 окуучуну жаңы окуу жылына даярдоо пландалган. Алардын ичинен 250 бала Жалал-Абад шаарынын окуучулары.

Пикир

Оставить комментарий