• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жалал-Абадда Финансы министрлигинин 100 жылдыгы белгиленди

Коом 0

Бишкек, 19.04.24. /Кабар/. Финансы министрлигинин 100 жылдыгына арналган иш-чаралар өлкөнүн ар кыл аймагында уланууда.

Ведомствонун маалымат кызматынан кабарлашкандай, Жалал-Абад шаарында "Жалал-Абад облусунун финансы системасынын негизи катары мамлекеттик финансы: теория жана практика" темасында илимий-практикалык конференция болуп өттү.

Финансы министринин орун басары Жибек Дүйшеева Жалал-Абад облусунун финансы-экономикалык өнүгүүсү жана жергиликтүү бюджеттерге бөлүнгөн каражаттар тууралуу маалымат берди.

Ал белгилегендей, 2024-жылы облуска максаттуу трансферттер, капиталдык салымдар, электр менен камсыздоо, дем берүүчү гранттар, аймактарды өнүктүрүү фонддору жана агро өнөр жай комплексин насыялоо сыяктуу ар кандай багыттарга республикалык бюджеттен 3,8 млрд сом каралган.

Жалал-Абад облусунда 564,3 млн АКШ долларына 10 ири мамлекеттик инвестициялык долбоор, анын ичинде энергетика, транспорт жана суу менен камсыздоо тармактарындагы долбоорлор ишке ашырылууда.

Мындан тышкары, Жалал-Абад шаарына ар кандай долбоорлорду ишке ашырууга республикалык бюджеттен 127,7 млн сом бөлүнгөн. Кыргыз Республикасын 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн улуттук программасынын алкагында электр автобустарын жана кубаттоочу станцияларды сатып алуу үчүн бюджеттик кредит катары шаарга 100 млн сом бөлүү каралган.

Финансы министрлиги чакан жана орто бизнести колдоо максатында аймактагы 1435 ишкерге 913,1 млн сом суммасында пайызсыз кредит берди.

Жибек Дүйшеева жергиликтүү бийликти облусту өнүктүрүү боюнча активдүү иш алып барууга, инвестиция тартууга, жумуш орундарын түзүүгө, ишкерлерди колдоого жана инфратүзүмдү жакшыртууга чакырды.

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү регионду өнүктүрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар жана мамлекеттик программалардын алкагында пландалып жаткан долбоорлор тууралуу айтып беришти.

Конференциянын жыйынтыгында президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары М.Сыдыковго Финансы министрлигинин 100 жылдыгына арналган сувенирдик стела тапшырылды.

Эскерте кетсек, Финансы министрлигинин 100 жылдыгына арналган иш-чаралар өлкөнүн бардык аймактарында өткөрүлүүдө. Анда Финансы министрлигинин жетекчилиги, облустук жана райондук бийлик жетекчилери, экономисттер, финансисттер, банктардын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, ошондой эле илимий коомчулук жана ишкерлер катышууда.

"Конференция кербени" буга чейин Баткен жана Ош облустарында өттү. Ал эми жыйынтыктоочу иш-чара 28-майда Бишкекте өтүп, тийиштүү резолюция кабыл алынат.

Пикир

Оставить комментарий