• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жалал-Абадда кадрлар резервинин талапкерлерине маектешүү өтүүдө

Аймак 0

Бишкек, 24.01.22. /Кабар/. Жалал-Абад облусунда райондук маанидеги шаарлардын жетекчилери жана алардын орун басарлары, айыл өкмөт башчылык кызматына талапкерлигин койгон (муниципалдык кадрлар резерви) 47 киши маектешүүдөн өтүп жатат. Бул тууралуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигинин түштүк аймактык өкүлчүлүгүнүн башчысы Таалайбек Зикиров билдирди.

Анын айтымында, өткөн жылы президенттин аймактарда күчтүү кадрлар кадрлар резервин түзүү боюнча жарлыгын ишке ашыруу максатында тийиштүү иш аракеттер жүргүзүлүүдө. Буга чейин Жалал-Абад облусунда райондук маанидеги шаарлардын мэрлигине 115 адам документ тапшырган. Алардын ичинен иш тажрыйбасы жана квалификациясы туура келбеген 31 адам тестке кирген жок. Калган 84 киши тестке кирип, алардын ичинен 10 катышуучу ийгиликтүү босого баллдан өтүшкөн.

“Ал эми мэрдин орун басарлыгына 109 адам документ тапшырган. Алардын 9нун иш стажы туура келбей, 100 катышуучу тестке кирди. Айыл өкмөт башчылыгына 187 адам документ тапшырып, анын ичинен 47үнө сынака кирүүгө уруксат берилген жок. Бүгүн тесттен жетиштүү бал менен өткөн 47 адамга аңгемелешүү жүрүп жатат. Комиссиянын курамында облуста жана райондордо бир топ жыл жетекчилик кызматтарда иштеген Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигинин түштүк аймактык өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери, ошону менен бирге учурда иштеп жаткан кызматкерлер да бар. Бүгүн-эртең талапкерлерди тандоо жана жаңыдан тестирлөөдөн өткөн катышуучулар менен аңгемелешүү улантылат”, - деди Зикиров.

Аңгемелешүүдө талапкерлерге аймакты өнүктүрүүдөгү иш пландары, жөндөмү, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкердин укуктары жана милдеттери тууралуу суроолор берилүүдө. Ал жыйынтыкталгандан кийин комиссиянын ар бир мүчөсү макул же каршы деген чечимин чыгарып, өткөндөр Мамлекеттик муниципалдык кадрлар резервине кабыл алынат.

Пикир

Оставить комментарий