• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жалал-Абадда Кайтаруу жана күзөтүү департаментинин 81 жылдыгы белгиленди

Аймак 0

Бишкек, 20.04.23. /Кабар/. Бүгүн, 20-апрелде Жалал-Абад шаарындагы №5 өзүнчө батальонунда Жаза аткаруу кызматынын Кайтаруу жана күзөтүү департаментинин 81 жылдыгы белгиленди.

Шаардык мэриядан билдиришкендей, иш-чарага Жалал-Абад облусунун башчысы Абсаттар Сыргабаев, шаар мэри Эрнисбек Ормоков, батальондун өздүк курамы жана ардагерлери катышты.

"Биз билебиз сиздердин катарыңыздарда мекенин сүйгөн, жүктөлгөн милдетин так аткарган, тартипти, мыйзамдуулукту туу туткан инсандар эмгектенет. Мындан ары да сиздерге жүктөлгөн милдеттерди так аткарып, өлкөбүз үчүн татыктуу кызмат өтөйсүздөр деп терең ишенем", - деп белгиледи шаар мэри Эрнисбек Ормоков куттуктоо сөзүндө.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарындагы 5-батальондо кызмат өтөгөндөр №10 түзөтүү мекемесин жана №53 тергөө абагын кайтарып, коомдук коопсуздукту камсыз кылып келишет.

Пикир

Оставить комментарий