• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Жалал-Абадда коронавирус жуктурган 105 жаран айыкты

COVID - 19 0

Бишкек, 03.05.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Жалал-Абад облусунда коронавирус жуктурган 105 жаран айыгып, ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгери Рома Ураимов билдирди.

Анын айтымында, учурда облуста эпидемиологиялык абал туруктуу. "Буга чейин күнүнө 4-5 адамдан илдет аныкталып жатса, бүгүнкү күндө Тогуз-Торо менен Чаткал райондорунда экиден гана учур катталды. Ага чейин бизде катталган учурлар байкалган эмес. Чет өлкөдөн жана башка облустардан келген жарандар кооптонууну жаратып жатат. Биз көңүл буруп, аларды көзөмөлгө алып жатабыз. Облус боюнча 118 адамда коронавирус катталса, алардын 105и айыгып чыкты жана 13 адам дарыланууда", - дейт ал.

Ураимов маалымдагандай, ооруну жуктургандар менен байланышта болгондор 14 күндүк үй карантинине алынууда.

Белгилей кетсек, 3-майга карата Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 795ге жетти. Алардын ичинен 207си медицина кызматкери. Илдеттен 564 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 10 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий