Бишкек, 05.12.22. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында майыптыгы бар жарандарга акысыз көмүр таратылды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттары шаар тургундарына 100 тонна акысыз көмүр таратты. Көмүр көп балалуу үй-бүлөлөргө, 1-2-3-топтогу майыптыгы бар жарандарга, жалгыз бой энелерге таратылды.
Пикир
Оставить комментарий