• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

ЖКга шайлоо. Жалал-Абадда семинар-тренинг өтүүдө

Аймак 0

Бишкек, 06.10.21. /Кабар/. Бүгүн, 6-октябрда Жалал-Абад шаарында алдыда боло турган Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого байланыштуу семинар-тренинг өтүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.

Аталган иш-чарага Жалал-Абад ОИИБдин начальнигинин сотко чейинки өндүрүш иши боюнча орун басары Алмаз Кудайбердиев, шаардык жана райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн башчылары жана орун басарлары, УКМК, прокуратура кызматкерлери, тергөөчүлөр, участкалык инспекторлор, округдук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү катышууда.

Тренингдин алкагында Борбордук шайлоо комиссиясынын, Ички иштер министрлигинин, Башкы прокуратуранын өкүлдөрү тарабынан КР президентин, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө Конституциялык мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр боюнча маалыматтар жеткирилип жатат.

Иш-чарада укук коргоо органдары менен БШК кызматкерлеринин бергелешип иш алып баруу процесстери айтылууда.

Шайлоо күнү жана ага чейин мыйзам бузуулар катталган учурда кандай чаралар көрүлө тургандыгы белгиленди. Ошондой эле катышуучулар менен суроо-жооптор орун алып, биргелешип чечүүчү маселелер талкууланууда.

Семинар-тренингдин негизги максаты ЖК депутаттарын шайлоо учурундагы мыйзамдуулукту камсыздоо жана укук бузуулардын алдын алуу болуп саналат.

Анын негизинде катышуучуларга шайлоого карата атайын чыгарылган китептер, эскертме баракчалар таркатылды.

Пикир

Оставить комментарий