• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Жакын арада баардык каалоочулар жеке лабораториялардан коронавируска текшерилүүгө мүмкүндүк алат

COVID - 19 0

Бишкек, 01.04.20. /Кабар/. Жакын арада баардык каалоочулар жеке лабораториялардан коронавируска текшерилүүгө мүмкүндүк алат. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Саламаттык сактоо министрлигинин ыкчам штабынын башчысынын орун басары Касымбек Мамбетов билдирди.

Анын айтымында, чет өлкөгө чыкпаган же коронавирус жуктурган адамдар менен аралашпаган адамдар да коронавируска текшерилүү боюнча маселени коюп келе жатат. Мындан улам бул багытта иштер жүрүп, жакынкы күндөрү жарандар менчик лабораториялардан акы төлөп коронавируска текшериле алышат.

"Эки-үч күн ичинде юридикалык механизмдерди тактап алгандан кийин жарандар жеке медициналык лабораторияга кайрылып, өз эсебинен текшерүүдөн өтө алышат", -деди ал.

Ал белгилегендей, өлкөдө азыркы учурга карата коронавируска 9 миң 128 текшерүү, ал эми акыркы бир күн ичинде 884 текшерүү жүргүзүлгөн.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда коронавирус жуктурган 4 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 111ге жетти. Алардын ичинен Жалал-Абад облусунда үч адам коронавирустан айыгып чыккан.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий